Баткен облусунда калк арасында түшүндүрүү иштери күчөдү

210

Баткен облусунда калк арасында түшүндүрүү иштери күчөдү. Бул тууралуу республиканын ыкчам штабынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир катар тармактардын ишке киргендигине байланыштуу учурда облустун бардык аймактарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, милиция кызматкерлери менен биргеликте дүкөндөрдө, калкты тейлөө түйүндөрүндө, көчөлөрдө ж.б. коомдук жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кызматкерлер жарандарга зарыл болбосо көчөгө чыкпоо жана балдарды чыгарбоо, коргонуучу беткаптарды кийүү, калк көп жайгашкан жерлерде социалдык аралыкты сактоо, дезинфекция жумуштарын жасап туруу боюнча эскертип жатышат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь