Бишкекте беткап тагынбагандарга 5000 сомго чейин айып салынат

593

“Беткап тагынбагандарга 1000ден 5000 сомго чейин айып каралат. Санкцияларды салуу укугу дарыгерлерге, санитардык дарыгерлерге жана ички иштер органдарына ыйгарылды. Айып пулдун өлчөмү кылмыш-жоруктун оордугуна жараша 1 000ден 180 000 сомго чейин жетиши мүмкүн.” Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынан мэри Азиз Суракматов билдирди.

Карантин жана санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн айыптар:

1️⃣ Өзгөчө кырдаал шарттарында укук тартибин бузуу – 5000 сомдон 17 000 сомго чейин айып пул

2️⃣ Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, санитардык эрежелерди, гигиеналык ченемдерди бузуу – 1000ден 27 000 сомго чейин айып пул (категорияга жараша)

3️⃣ Ыйгарым укуктуу органдын чечимин же талаптарын аткаруудан баш тартуу тартибин бузуу – 3000 ден 13 000 сомго чейин айып пул Жоруктар (жазык жоопкерчилиги)

4️⃣ Өзгөчө кырдаалдар тартибинин талаптарын бузуу – 15 000 сомдон 60 000 сомго чейин айып пул, 2-категориядагы эркиндигин чектөө менен бир жылга чейин, коомдук иштерге 60 саатка чейин тартуу.

5️⃣ Карантин сакталбагандыгы – 30 000 сомдон 60 000 сомго чейин айып пул.

 

 

Комментарии

  1. Эл күнүмдүк жегиликке тамак аш таппай ийни куушуруп, желке тери жоор болуп кыйналып турган элге кайра ашка жүк, башка жүк болуп оорго түртө салганга тете.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь