Запаска бошотуу, жазгы аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу улантылат

494

Президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө” 2020-жылдын 18-февралындагы  Жарлыгынын колдонулушун кайрадан жаңыртуу тууралуу” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, запаска бошотуу жана жазгы аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу улантылат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь