Канат Хасанов: Мага пиардын кереги жок, ТИМ эмнеге бюрократия түзүп жатат

466

“Тышкы иштер министрлигинин кат аркылуу кайрылсын деген позициясын түшүнгөн жокмун”,- дейт Орусиядагы мекендештерди алып келүүгө транспорт уюштурган Канат Хасанов “Элдик медиага” берген билдирүүсүндө.

Учурда “Чоң казат” кыймылынын мүчөлөрү 5 автобус даярдап, Оренбургдан келе албай жаткан мекендештерди өлкөгө акысыз алып келүүнү демилгелөөдө. Бүгүн тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдына барып видео аркылуу министр Чыңгыз Айдарбековго жашыл коридор уюштуруп берүүнү суранышкан.

“Тышкы иштер министрлиги эмнеге бюрократия түзүп жатат. Видео аркылуу кайрылганым жетиштүү го, мен элге жардам кылайын деп жатам. Мага пиардын кереги жок. Аларга мен кат менен кайрылып, анан алар окуп,, расмий жообун 3 күндөн кийин беришет. Азыр ыкчам иштерди жасаш керек, Чыңгыз Айдарбеков бүгүн түнү чечим кабыл алып берсе, түнү менен чыгып кетебиз”,- дейт Канат Хасанов.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги чек арадан алып өтүү маселеси оңой эмес экенин белгилеген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь