Кечээ, 10-майда саат 16:21де Кыргызстанда очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Жер титирөөнүн очогу Көл айылынан түштүк-батышка 4 чакырымда, Алмалуу айылынан түштүк-батышка 6 чакырымда жайгашты. Бул айылдарда жер титирөөнүн күчү 3 баллга чейин сезилди.