Коронавирус жуктуруп алган 28 жаштагы бейтап ооруканадан качып кетти деп билдирет ТАСС басыламасы.
Ал 25-апрелде Москвадан Сочиге барып №2 жугуштуу ооруканасына жаткырылган. 5-майда тапшырган анлизинен коронавирус аныкталып, абалы канаттандырарлык деп бааланган.
Бейтап 8нен 9-майга караган түнү дарыланып жаткан мекемеден качып кетен. Ыкчам штабдан билдиргендей, ал оорукананын айланасына орнотулган бетон тосмодон секирген.
Учурда полиция аялды издөөгө алды, анткени ал айланасындагыларга чоң коркунуч алып келет.