Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-жылдын 1-майында Сардоба суу сактагычынын жарылышынан улам жабыркаган Өзбекстандын калкына гуманитардык көмөк көрсөттү. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Өзбекстан Республикасынын жабыр тарткан калкы үчүн 1 000 тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майы жөнөтүлдү.