Министр Замирбек Аскаров чатырларда жашап жаткандар менен жолугушту (сүрөт)

259

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Алай районунда чатырларда жашап жаткандар менен жолугушту. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

10-май күнү министр Замирбек Аскаров Ош облусуна болгон иш-сапарынын алкагында Алай районуна барды. Алгач, Алай районунун Гүлчө айыл аймагынын Таш-Коро айылындагы жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашаган жарандарды убактылуу коопсуз жайга көчүрүү максатында уюштурулган чатыр шаарчасында жашаган үй-бүлөлөр менен жолугушуп, аларга түзүлгөн шарттар менен жеринде таанышты.

Андан соң, Гүлчө айыл аймагынын Гүлчө дарыясынын оң жээгине 470 метр аралыкка дамба куруу маселеси каралып, айыл аймактын башчысына аталган обьектинин долбоорунун даярдоо жүктөлүп, андан ары иш алып баруу ӨКМдин тийиштүү жетекчилерине тапшырылды.

Соңунда, Бүлөлү айыл өкмөтүнүн Кичи Бүлөлү айылындагы Гулек участкасындагы жер көчкүнү көрүп, тийиштүү жетекчилерге алдын алуу иш-чараларын аткарууга алууну тапшырды.

Министрдин иш-сапары Ош облусунун Чоң-Алай районунда уланат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь