Оорунун очогу болгон Уханда кайрадан коронавирус чыкты

258

10-майга карата Кытайда дагы 14 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын бири оорунун очогу болгон Ухань шаарынын жашоочусу.

Бүгүнкү күндө Хубэй провинциясында 68 129 адам оору жуктуруп (50 334 адам Уханда), 63 616 бейтап айыгып (46 464 бейтап Уханда), 4 512 адам (3 869 адам Уханда) көз жумду. Ал эми Кытайда бейтаптардын жалпы саны 82 901 адамга жетип, алардын ичинен 4633 бейтап каза тапты.

Ал эми буга чейин коронавирустун очогу болгон Кытайдын Ухань шаарындагы ооруканаларда аталган илдетке чалдыккан бир да бейтап калбаганын 26-апрелде Саламаттыкты сактоо маселелери боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Ми Фэн билдирген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь