ТИМ: Канат Хасанов Орусиядан мекендештерди алып келүү боюнча бизге расмий кайрылган жок (видео)

351

Орусиядан мигранттарды алып келүү боюнча Канат Хасанов Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине расмий кайрылуу жолдогон жок. Бул тууралуу “Элдик медиага” ТИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

“ТИМдин имаратынын сыртынан тартып кетишти, ичкери кирип сүйлөшүүлөр болгон жок. Расмий түрдө кат дагы ташташкан жок. Негизи мекендештерди чек арадан алып өтүү оңой эмес. Канат Хасанов кат жолдогон күндө да муну ТИМ гана чече албайт, республикалык ыкчам штаб менен биргеликте карала турчу маселе”,- деди аталган ведомстводон.

Белгилей кетсек, “Чоң казат” кыймылы Оренбург шаарында мекенине келе албай жаткан кыргызстандыктарды алып келүү үчүн транспорт даярдаганын билдирди. “Чоң казат” кыймылынын өкүлү Канат Хасанов Өкмөткө, тышкы иштер министрлигине видео аркылуу кайрылып жашыл коридор уюштуруп берүүнү суранган.

Опубликовано Канатом Хасановым Понедельник, 11 мая 2020 г.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь