Түштүк Кореяда коронавируска чалдыккандардын саны чектөөлөр жумшартылгандан кийин көбөйө баштады.
Мындан улам түштүккореялык бийлик бардык ресторан жана барларды кайрадан жапты.
Бийликтин берген маалыматында вирустун 34 жаңы учуру катталган – бул акыркы айдагы эң жогорку көрсөткүч болду. Алардын ичинен 26 учур жергиликтүү мүнөздө болсо, 8 учур чет өлкөдөн алынып келинген. Өлкө президенти Мун Чжэ Ин жыл аягына чейин эпидемиянын экинчи толкуну болушу мүмкүн деп эскертти.