Бүгүн 12-майда Ала-Арча көрүстөнүндө 7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында ок тийип каза болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбековдун эстелиги орнотулду.
Эстеликтин ачылышына өкмөттүн өкүлдөрү, ардагерлер, УКМКнын жетекчилиги жана Ниязбековдун жакындары катышты.
Белиглей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Үсөнбек Ниязбековду аскердик милдетин аткаруудагы көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйлаган.