Боронов: “Мен чечип коем, тизме түзүп жатабыз” дегендерге ишенип элибиз талаада калып атат (видео)

374

“Тышкы иштер министрлиги менен өкмөт бүгүнкү күндө чет өлкөдөгү кыргыз мигранттарды алып келүү боюнча иш жүргүзүп жатат” деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында.

“Элди козгоп, “мына тизме түзүп жатабыз, алып кетебиз” дегендерге ишенип биздин эл талаада калып атат. Андай бирөөнүн айтканына ишенбестен, ар бир мамлекетте консулдуктар, элчилер тыгыз иштеп жатат. Алардын гана маалыматына ишенип иш кылышса жакшы болмок“,- деп Боронов мигранттарга кайрылды.

Эскерте кетсек Соль-Илецктен 541 кыргызстандык алынып келип, алардын ичинен 55 адамдан коронавирус чыккан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь