“Дүрбөлөңгө түшпөңүздөр. Баары көзөмөлдө”. Фрунзенин администрациясы билдирүү жасады

437

“Фрунзе” гипермаркеттер тармагынын администрациясы билдирүү таратты. Анда коронавирус жуктуруп алган кызматкер “Вефа” соода түйүнүндөгү гипермаркетте иштегени айтылат.

Кызматкер ден-соолугу начар болуп жатканын сезип, дүкөндүн башкаруучусуна кабарлаганда аны жумуштан коё беришкен. Ошондой эле COVID-19 вирусуна карата анализ тапшыруу керектигин кеңеш кылган.

11-май күнү анализдин жыйынтыгында коронавирус аныкталгандыктан, соода түйүн дезинфекциялоого жабылган. Ал жакта иштеген жамааттын бардыгы анализ тапшырууга жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы менен жалпы персонал таза болуп чыкты. Бирок ага карабастан бардык кызматкер 14 күндүк обсервацияга жаткырылды.

Кызматкерлердин коопсуздугу жана аларды дарылоого кеткен каражатты “Фрунзе” гипермаркети толугу менен өз мойнуна алат“, -деп айтылат билдирүүдө.

Учурда соода жайы бир күндө эки жолу дезинфекциядан өтүп, 72 саатка тагыраагы 13-майга чейин жабылды.

“Дүрбөлөңгө алдырбоону жана айрым күмөн жараткан жалган маалыматтарга ишенбөөнү суранабыз. Мындай окуя бизде бир эле жолу катталды, биздин жоопкерчиликтүү жана сезимтал кызматкерлерибиздин көмөгү менен кылдат көзөмөлдө турат. Вирустун жайылышын болтурбоо үчүн тынымсыз профилактикалык көзөмөл жүргүзүлүп турат”,- деп убадалады “Фрунзе” гипермаркеттер тармагынын администрациясы.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь