Индиянын Сион жана Мумбаи райондорунда коронавирустан каза болгон адамдардын жансыз денеси кара баштыктарга оролуп, бейтаптардын жанына коюлган. Бул тууралуу «The Guardian» басылмасы жазды.
Бул көрүнүш жашоочулар арасында нааразычылык жаратып, көпчүлүк жарандар оору жуктурган учурлар көбөйүп баштаса өлкөнүн штаттары пандемиядан жабыркай турганын айтып чыгышты.
Ооруканалардын биринин жетекчисинин айтымында, маркумдардын жакындары денени алып кете албай, алар палаталарда калган. Себеби өлүк сактоочу жайларда орун калган эмес. Медициналык эрежелер боюнча коронавирустан каза болгон бейтаптын денеси ал каза болгону жарыялангандан кийин 30 мүнөттө алынып кетиши керек. Кийинчерээк аталган дарыгер кызматынан бошотулган.
Жугушту ору деп атса, адамдар жон эле кирип чыгып журушот ко? Бул жагын кандай ойлойсуз..