Коронавируска кабылган бейтап өзү жаткан оорукананын ичин видеого тартып чыгарды. Ал “кызыл зонада” башкача айтканда оорунун оор түрү менен дарыланып жатканын видеодо айтты. Ошондой эле улгайган адамдар “памперс” кийип жаткандарын, өзүнүн палатасындагылар кошумча дем алдыруучу аппаратка туташтырылганын билдирди.
Тасма Кыргызстандын кайсы ооруканасынан тартылганы белгисиз.