Кыргызстанда 14 кош бойлуу аял коронавирус инфекциясын жуктурган. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Баары дарыланып жатышат. Коронавирус төрөлгөн ымыркайларда табылган жок” , – деди ал.
Ошондой эле, Үсөнбаев коронавирус инфекциясы аныкталып, дарыланып жаткан 112 бала айыкканын маалымдады.