8-май күнү кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда өрттөлгөн үйдү эки айда тургузуп берүү боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында билдирди.
“Үйү күйүп кеткен жаранга үйүн куруп берүү боюнча жардам беребиз деп премьер-министр чечим кабыл алган. Ал жарандын үйүн эки айдын ичинде толук бүтүрүп беребиз”
8-май күнү Көк-Таш айылынын четинен Тажикстан менен чек арага жакын жерде Мажитовдордун беш бөлмөлүү үйү өрттөлгөн.