Май айында 1000 кыргызстандык мекенине кайтат. Кайсы мамлекеттерден алынып келет?

343

“ӨК жана ӨА киргизилген учурдан тарта Кыргызстанга дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн авиация жана жер аркылуу 9196 мекендешибиз кайтып келген. Бүгүнкү күндө чек аралардын жабылышынан жана авиабилдирүүлөрдүн токтошунан улам биз кыргызстандыктарды мекенине кайтарып алуу боюнча жолдорду издеп жатабыз“, – деп билдирди тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков.

Анын айтымында, акыркы 12 күндүн ичинде Кыргызстанга чет мамлекеттерден 995 жаран кайтып келди.

ТИМ ушул жылдын май айына төмөнкү өлкөлөрдөн 1000 кыргызстандыкты мекенге алып келүүнү пландап жатат:
Катар – 36
Кувейт – 105
Иран – 16
Франкфурт-на-Майне – 58
Стамбул – 349
Москва – 402
Корея – 35
Япония – 30
Беларусь – 37

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь