Мигрант: Москвада өз мекениме кетем деген Кыргыз жарандары алдамчы таксисттердин жеми болуп жатышат

374

Москвада кыргыз таксисттер элди алдап чек арага ташып атышат. Мындай маалыматты  Москва шаарынын тургуну  Элнура Мурзакеримова “коом press” сайтына билдирди.

“28-марттан бери үйдө үч бала иштебей олтурушат. Биз аларды тамак-аш менен камсыздап жатабыз. Жердештерибизди таштап коймок белек.  Ушул ызы-чуу башталгандан бери мигранттардын ичи тынч эмес. Кимдир бирөө тарабынан “Үйгө кетебиз” – деген вотсапп группа түзүлүптүр. Ал жакта автобус же унаа менен Кыргызстанга кетебиз деп алдап ызы-чуу түшүп жатышат. Мигранттарыбыздын көпчүлүгү фейсбукта олтурбайт. Ошондуктан алдамчы таксисттердин жеми болуп атышат. Эртең менен Котельники метросуна барып ошол таксисттер менен сүйлөшүп келдим.  Эми чек арага топтоло берсек анан алып кетишет да дешет камырабай. Ооба, алып кетишет бирок, ушинтип жөн эле элди алдай берүүнүн зарылдыгы жок эле” – дейт  мигрант айым.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь