Сапар Исаков кайра СИЗО-1ге которулду, андан коронавируска анализ алынат

329

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Сапар Исаковду №8 түзөтүү абагынан кайра №1 тергөө абагына которду. Сапар Исаковду СИЗО-1ге которуу боюнча соттун чечим чыкканын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан “Элдик медиага” билдирди.

Этап менен бүгүн СИЗО-1ге алынып келет. Ал эми КСДП таратып жаткан коронавирус боюнча маалымат жалган. Керек болсо Канат Сагынбаев өзү бул маалыматты угуп таң калды. Биз бүгүн Кой-Таш иши боюнча өтүп жаткан бардык 8 айыпталуучудан ПЧР-анализин алганы жатыбыз. Жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет“, -деди ЖАМКнын басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, комиссиянын чечими менен Исаков СИЗО-1 мекемесинен Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылында жайгашкан жалпы режимдеги №8 түзөтүү абагына которулган болчу.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь