Сооронбай Жээнбеков чек ара жаңжалында жаракат алган аскерлердин абалынан кабар алды (сүрөт)

299

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-майда, Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жакында болгон курал колдонуу менен коштолгон жаңжалда жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалынан кабар алды.

Октон жарадар болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз учурда Бишкек шаарындагы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыланып жатышат.

Президент Сооронбай Жээнбеков чек арачыларга колдоо сөздөрүн айтып, алардын тез арада сакайып кетишин каалады.

Мекенине ак ниет кызмат кылгандыгы жана Мекен чегин коргогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь