Сулайманов Абылгазиевге: “Эл сизге чыдады, эң узак отурган үчүнчү премьер болдуңуз” (видео)

1 549

“Мухаммедкалый Абылгазиев эң узак отурган үч премьер-министрдин бири болдуңуз”,- деди депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңеште өкмөттүн отчетун угууда.

“Эки жылдан ашык премьер-министр болуп иштедиңиз. Ага чейин вице-премьер болдуңуз. Командаңыз менен келген учурда чоң өзгөрүүлөрдү жасайбыз деген программа менен келгенсиз. Бирок эч өзгөрүү болгон жок“,-деген пикири менен Абылгазиевге кайрылды.

Депутат өз сөзүндө Мухаммедкалый Абылгазиевге колдоо бар, бирок үмүттөр акталбай жатат деди.

Мухаммедкалый Дүйшекеевич эгемендүүлүк алгандан бери эң көп отурган Апаз Жумагулович, Танаев андан кийин үчүнчү сиз. 2010-жылдан бери бардыгы бир жылдын тегерегинде кетти. Сизге берген мүмкүнчүлүктү эч ким берген жок, сизге болгон колдоо бүгүн эбегейсиз зор. Бирок сиз аны актай албай жатасыз“,- деди Алтынбек Сулайманов.

Комментарии

  1. Ошол тунгуч президент убагында болгон өкмөт башчылар баташтырып кеткен. Ал эми жаңы келген өкмөт башчыны ал система иштете койбойт, себеби биз билбеген кагаздарга кол коюлуп калган. Мисалы эле Кумтөр.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь