Сыймык Жапыкеевдин чакырыктары боюнча кылмыш иши козголду

479

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Ички иштер министрлигине социалдык түйүндөрдө өзүн мурдагы прокуратура кызматкери деп атаган Сыймык Жапыкеев аттуу жаранга мыйзам чегинде чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда С.Жапыкеев К.Жумалиевге карата жалган маалыматтарды таратып, анын үй-бүлөсүнүн миллиондогон байлыктары мыйзамдарды бузуу менен топтолгонун жана ошондой эле анын байлыгы менен мүлкүн тартып алууга жасаган чакырыктары менен анын ден соолугуна жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткандыгын көрсөткөн.

“Аталган арыз 2020-жылдын 7-майында ИИМдин Кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүгү (жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен катталып сотко чейинки өндүрүш башталган. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө С.Жапыкеевдин соцтүйүндөрдөгү маалыматтары, видео кайрылуулары толугу менен иликтенип чыкты.

Иликтөөлөр көрсөткөндөй С.Жапыкеев К.Жумалиевди ири коррупционер экендигин, ал көптөгөн жылдар бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп миллиондогон долларды чапчыган мамлекеттик байлыктарды менчиктеп же уурдап алгандыгын айткан.

Ошол эле убакта элге К.Жумалиевдин үйүнө барууну жана мыйзамсыз тапкан байлыктарын кайтарып алууну жана аны Кыргыз Республикасынын Кытай мамлекетинин алдындагы карызды төлөп коёлу деген чакырык таштаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө С.Жапыкеевдин акыркы убактагы бардык сүйлөгөн сөздөрүнө лингвистикалык экспертизалар дайындалды. Учурда аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь