Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйү бейтаптарды убактылуу кабыл албайт

322

10-майдан 25-майга чейин ЭжБКУБ клиникалык төрөт үйү кош бойлуу жана төрөй турган айымдарды кабыл алууну убактылуу токтоткон.

ЭжБКУБ КТҮ обсервация шартында болгон кызматкерлердин тизмеси түзүлүп, бейтаптар менен иштөө улантылып жатат. Бардык бейтаптардан жана кызматкерлерден COVID-19 илдетине ПЧР-диагностика алынды.

Карантин убагында ЭжБКУБ КТҮгө бара турган кош бойлуу жана төрөчү айымдарды графиктин негизинде борбордун башка төрөт үйлөрү кабыл алышат. Аймактардагы бардык мезгилсиз төрөттөр жана төрөөчү айымдар Бишкек шаарындагы Перинаталдык борборго жөнөтүлөт.

Бүгүнкү күндө ЭжБКУБ КТҮ клиникалык төрөт үйүндө медкызматкерлердин көзөмөлүндө 111 бейтап жатат, 64 аялдын ичинен ону кош бойлуу, калганы жаңы төрөгөндөр жана 47 жаңы төрөлгөн ымыркай, алардын ичинен 11и реанимацияда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь