Өзүндө оорунун белгилерин байкап, медиктерге 6 жаран өзү кайрылды деп билдирди бүгүн, 12-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Анын айтымында, баарында Covid-19 диагнозу тастыкталып, тийиштүү дарылануудан өтүп жатышат.
“Алардын арасында борбор калаадагы гипермаркеттин кызматкери да бар, мында бардык санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле алардын байланышта болгон кесиптештери жана жакындары дагы медициналык текшерүүдөн өткөн”, – Усөнбаев.