“Фрунзе” дүкөнүнүн сатуучусунан коронавирус табылды

643

Бишкекте “Фрунзе” гипермаркетинин кызматкеринен коронавирус табылды. Бул маалыматты 12-майда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Бишкектеги Vefa соода борборунун “Фрунзе” гипермаркетинин сатуучусу коронавирус жуктуруп алды деген маалымат чынбы?” деген суроого ал:

“Өзүндө оорунун белгилерин байкап, медиктерге 6 жаран өзү кайрылган. Баарында Covid-19 диагнозу тастыкталып, тийиштүү дарылануудан өтүп жатышат. Алардын арасында борбор калаадагы гипермаркеттин кызматкери да бар, мында бардык санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле алардын байланышта болгон кесиптештери жана жакындары дагы медициналык текшерүүдөн өткөн”, – деди саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев.

Министрликтин маалыматына караганда, ошол гипермаркетте иштеген кызматкерлердин баарынын анализи алынып, медициналык көзөмөл жүрүп жатат.

Коронавируска байланыштуу шаардагы айрым дүкөндөр жабылып, ири маркеттер гана үзгүлтүксүз иштеп жатат. Оору чыккан алгачкы мезгилде анда иштегендер, кассадагы сатуучулар беткап, атайын костюм кийип чыгып жатышкан. Бирок соңку кездери андай коргонуу чаралары көрүлбөй калган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь