Ысык-Көл облусунда акыркы катталган коронавирустун жаңы учуру Нарындан баргандардан чыккан. Бул тууралуу бүгүн 12-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
“Жети-Өгүздөн эки оору чыкты. Оору жуктургандар “Таза суу” объектилеринде иштеп жүрүп Нарындан көлгө түз өтүп баргандар экен. Жети-Өгүздүн эли коркуу сезими менен катуу кабыл алышты, азыр коронавирус аныкталгандар Тамчыдагы обсервацияга алынды“,- деди Кубатбек Боронов.
Биринчи вице-премьер-министр ар бир регион өз аймагына башка региондон келгендерди киргизбөөгө жасаган аракетинин себеби ушул деп түшүндүрдү.
Белгилей кетсек, 11-май күнү Ысык-Көл облусунда коронавирус жуктуруунун 2 учуру катталган.