Ысык-Көл облусунда милиция үй-бүлөлүк зомбулукту иликтеп жатат. Маалыматка ылайык, 7-майда Каракол ШИИБне 32 жаштагы аял кайрылып, аны 6-май күнү бирге жашаган Егений У. уруп-сокконун билдирген.
Ошондой эле ал арызында бирге жашаган эркек буга чейин дагы үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүп келгенин, бирок милицияга кайрылбаганын айткан. Учурда аялдын 5 айлык боюнда бар.
Аталган окуя Каракол ШИИБнин КЖБРне “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.