2020-жылдын 12-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 21 учур катталды:
Бишкек шаары – 10
Чүй облусу – 1
Жалал-Абад облусу – 3
Нарын облусу – 7
Үч учур чет жактан келген жарандан табылды (Дубай, Россия).
Бир сутка ичинде өлкө боюнча Нарын облусунда 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 241 учур катталды, алардын ичинен 186 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун жалпы 1037 учуру катталды.
Стационарда – 316, алардын ичинен реанимацияда – 4
Ооруканадан чыгарылды – 709
Каза тапты – 12