Бүгүнкү күндө элден сүттү алуунун баасы 17-18 сомду түзүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов сүт эмнеге элден арзан сатылып жатат деп суроо салды.
“Дүкөндөрдө баасы эки эсе кымбат сатылып жатат, 17-18 сомдон алса дүкөндөрдө 35-36 сом“,-деди.