Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

385

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүнө карата сотко чейинки тергөө ишин баштады. Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «мыйзамсыз баюу» жана «кызмат адамынын ишкердик ишине мыйзамсыз катышуу» беренелери боюнча катталган иштин негизинде Финполиция сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

Учурда аталган соттук териштирүүнүн алкагында депутаттын мыйзамсыз баюу фактыларын аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин депутат Кубанычбек Жумалиев жарандык активист Сыймык Жапыкеевге мыйзам чегинде чара көрүү тууралуу Ички иштер министрлигине кайрылган. ИИМ мурдагы прокуратура кызматкери Сыймык Жапыкеевдин социалдык тармактагы чакырыктарына карата кылмыш ишин козгогон.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь