“Газпромдо” күйүүчү майдын 1 литр баасы дүңүнөн 19 сом 40 тыйындан сатылып жатат. Ал эми май куючу жайларда 29, 30 сомдон кээ бир жерлерде андан дагы кымбат. Эмнеге 10 сом айырма менен кымбат сатылып жатат?“,-деп депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министрге кайрылды.
Эл өкүлү монополияга каршы күрөшүү кызматы тез арада бааны жөнгө салышын талап кылды.
“Бул боюнча 100дөй адамдан кат келди. Урматтуу премьер-министр бааны түшүрүү боюнча бүгүн так тапшырма бериңиз“,- деди.
Мухаммедкалый Абылгазиев күйүүчү майдын баасы 2-3-сомго түшкөнүн, дагы арзандатуу боюнча маселе караларын убадалады.
Жалал-Абадда бензин 37 сом
Ошто 37 сом .кай жерде 30сом
35.5 сом. Бишкек каяктагы 29-30 (92 бенз)
Мен бишкетен 29дан куйуп атамго
Ошто Газпромдо 41 сом