Кара-Сууда ишкер 350 миң долларга спорткомплекс курду

350

Кара-Суу районунун Төлөйкан айылына ишкер Шавкат уулу Шукрат 350 миң долларга спорткомплекс курду. Бул тууралуу Ош облустук администрациясынан билдирди.

“Шавкат” спорттук клубунда эки футбол залы, күрөшүү үчүн эки зал, машыгуучу залдар, аялдар атлетикасы, теннис, ашкана жана намазкана салынган.

Карантинге байланыштуу имараттын ичи толук бүтө элек. Ош облусунун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев спорттук комплекстин курулушу менен таанышып, райондун акими Тилек Матраимовго спорт жайдын жанына спорттук мектеп курууга жер бөлүп берүүнү жана башка райондордон транспорттук маршрут уюштурууну тапшырды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь