Бүгүн, 13-майга карата Кыргызстанда дагы 7 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Муну менен республикада коронавирус жуктургандардын саны 1044 адамга жеткенин эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
COVID-19 аныкталган бейтаптар менен 4613 адам байланышкан. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн. Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 1555 адам жатат.
Акыркы сутка ичинде 1421 изилдөө жүргүзүлдү.