Мадумаровдун оюу боюнча чек араны жабуудан Кыргызстан зыян тартат

324

Тажикстан менен чек араны жабууда көбүрөөк Кыргызстан зыян тартып калышы мүмкүн деген пикирин вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Лейлек районундагы жакынкы күндөрү Кайрагач көзөмөл-өткөрмө пункту толук жабылат. Бирок Тажикстандын Өзбекстан менен болгон мамилеси жакшырып кетсе, чек арада соода-сатык кылып күн көргөн кыргыз жарандарына зыяны тийиши мүмкүн.

«Экономикалык рычагдын убактысын биз өткөрүп жибердик. Азыр Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы алака жакшы болуп, 16 чек ара өткөрмө пункту иштеп жатат. 2017-жылы кээ бир өзгөрүүлөр менен ушул жолго барышты. Учурда Согди облусунун 82%ы кандайдыр бир деңгээлде бизге көз карандылыгы бар. Ал боюнча биз эки-үч күндө Кайрагач посттун жабууга барабыз. Аларда бизге кат берген. Эки айдын ичинде Арка зонасы Лейлектин батыш тарабындагы контрабанданы минимализация кылдык»,- деди  Мадумаров.

Мындан сырткары Баткендеги «Кызыл-Бел» өткөрмө бекетин жабууда эл аралык келишимдер бардыгын, аны тиешелүү мамлекеттик органдар менене сүйлөшүү керек экенин кошумчалады.

Ал эми депутаттар чек ара чырынан улам 30дай жоокер майып болуп калганын эскертишип, өкмөт Баткендеги контарбанданы бир күндө ооздуктап койсо болорун айтышты.

Депутат Тиллаев кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча ишин сынга алып, Тажикстан менен чек араны жабууну сунуш кылган.

«Биздин кошуналар көнбөсө, анда биз чечкиндүү кадамдарга баралы. Товар жүгүртүү бир жылда болгону 27 млн. доллар болду. Анын 18% гана Тажикстанга импорт. Аны түшүнбөсө, менин сунушум – чечкиндүү кадамдарга баралы. Чек араны толук жабалы. Сүйлөшүүлөр бүткүчө бир жылбы, эки жылбы, шылтоо айта бербей, конкреттүү кадамга баралы. Же Тажикстандан бир нерсе күтүп жатабызбы?».

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь