Москвада кыргызстандык жаранга наркоман бычак менен кол салды

373

Москва шаарында баңги чегип алган киши кыргызстандык жаранга бычак менен кол салып, жарадар кылган. Бул тууралуу MK.ru басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, ал баңгизаттын таасири менен патрулдук кызматкерге дагы кол салган. Ага тергөө комитети үч берене боюнча кылмыш ишин козгоду.

«Кол салган адам Бауманская көчөсүндө токтоп турган микроавтобуска барып, ичинде отурган 56 жаштагы кыргыз айдоочусунан акча талап кылган. Айдоочу акча берүүдөн баш тартканда, аны көчөгө сүйрөп чыгып, сабап, сол далысына бычак менен сайган», – деп жазат ЖМКлар.

Буга чейин баңги затка берилген адам 65 жаштагы таксисттин башына уруп, аны унаадан тартып түшүргөн. Полиция наркоманды токтотууга аракет кылганда, ал полиция кызматкерине атырыла кол көтөргөн.

Ал эми жабыр тарткандардын бардыгына медициналык жардам көрсөтүлдү. 30 жаштагы кармалган адамга карата зордук-зомбулук менен талап-тоноо, ден-соолукка атайылап зыян келтирүү, ошондой эле мамлекеттик кызмат адамына карата зомбулук көрсөтүү боюнча кылмыш иши козголду.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь