Мухаммедкалый Абылгазиев: Милициянын, аскер кызматкерлеринин компенсациялык төлөмдөрү төлөнөт

311

Өзгөчө абал режими учурунда коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жол бербөө боюнча иш-чараларга тартылган укук коргоо органдарынын, тиешелүү түзүмдөрдүн аскер кызматкерлеринин бардык тийиштүү компенсациялык төлөмдөрү төлөнөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин отурумунда билдирди.

Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып буга чейин парламенттин жыйынында айтылган анын сөзү контексттен тыш чечмеленгенин белгиледи.

«Тийиштүү мыйзам, Өкмөттүн чечимдери бар жана биз аларды аткарабыз. Бул маселе боюнча көйгөй жок. Акча каражаты бар», – деди Өкмөт башчы.

Ал баса белгилегендей, пенсияларды, айлык акыларды, жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө боюнча маселе жок.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь