Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев беткап тагынбагандарга айып пул салууну туура эмес деп сындады.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буга төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:
“Барыбызга келген оорчулукта ар ким өзүнө тиешелүү милдетти аткарыш керек. Беткапты талап кылганыбыздын себеби, макул жаран өзүнүн ден-соолугун сактабаса дагы, жок дегенде жаныңдагыларга зыян келтирбесин деген маани. Ошол үчүн тагынсын деп жатабыз. Үйүнөн чыкпасын анда беткап кийбесин“,- деди Өкмөт башчы.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кошумчалагандай, коомдо өзүнүн оорусун билбей жүргөндөр бар. Мындан улам айлана-чөйрөгө ооруну жуктурбаш үчүн беткап тагынууга милдетүү.
Бет кап вирусту сактап кала албайт силер жон кана элге оордук алып келип атасынар ананда 5мин сом штраф элде 5мин эмес 5 тыйын калбады силердин ойлоп тапкан бет кап тууралунар элге отпойт