“Нанга чыкса да жасанат”. Бишкектин түпкү элинин 16 белгиси

706

Бишкектин түпкү элинин 16 белгиси:

— Борбор калаанын тургундары – ачык жана жайдары келишет.

— Бишкек шаарынын жергиликтүү түпкү тургундары №3, 4, 5, 6, 7, 8, 12 жана Асанбай кичи райондорунда жашашат.

— Бишкектин жашоочуулары жаздын келишин шаар көчөлөрүндө кайталангыс даамы бар улуттук суусундуктары менен “Шоро” маркасындагы бочкалар пайда болгону деп эсептешет.

— Шаар тургундары эркиндикти жакшы көрүшөт. Алар тайманбас жана шайыр болушат.

— Борбордун түпкү эли нанга чыкса да жасанышат.

— Бишкекте бир нече ири базар бар. Негизинен “Ортосай” базарында шаардыктар көп кийинишет.

— Шаардын түпкүлүктүү тургундары борбор калаанын Ала-Тоо аянтында сейилдешпейт жана ал жерде сүрөткө түшүшпөйт.

— Бишкекте ар кандай улуттун өкүлдөрү, айрыкча көптөгөн орустар жашайт.

— Бишкектин ар бир тургуну шаарда микроавтобустар көп экендигине көнүп калган.

— Держинка – бул калаабыздын жашоочулары үчүн сейилдөөчү сүйүктүү жай. Өз убагында ал жерде белгилүү инсандар жашаган.

— Азыркы жана Фрунзе шаар мезгилинде жашап калган жаран Бишкек СССРдин эң жашыл шаарларынын бири деп эсептейт.

— Жайында Борбор калаанын көпчүлүк жашоочуусу Кыргыз элинин бермети болгон – Ысык-Көлгө эс алганы барышат.

— Бишкектин түпкү эли шаардын көчөлөрүн эски аттар менен аташат.

— Тургундар көчөлөрдүн кесилишине карап ориентир алышат.

— Бишкекте ишкер, амбициялуу адамдар жашайт. Мектепте окуп жаткан кезинде эле бизнесмен болууну кыялданат.

— Кыргыз эли чет өлкөдө иштеп, ийгиликтерге жетишкен мекендештери менен сыймыктанат.

Комментарии

  1. Шаардык айылдык деп болбочу мисалы мен 26жыл болду жашаганыма бирок айылдан келгем кайсы жер ынгайлуу болсо ошол жерден кийинем созсузле Орто сай эмес Дордой ар ким кай жер ынгайлуу болсо ошол жер .

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь