Орусиядан келаткан өзбекстандык мигранттар Казакстандан өтө албай турушат

383

Орусия менен Казакстандын чек арасында 11-майдан бери мекенине кайтууну каалаган жүздөгөн мигрант топтолуп калды. Алар Казакстан менен Өзбекстан өкмөтүнөн транзиттик жол ачууну сурашууда.

Казак бийлиги коңшу өлкөлөрдө коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал турукташканга чейин чек араны ачпай турганын билдирүүдө.

Фаррух аттуу өзбек мигрантынын айтымында, мигранттардын көбү орус-казак чек арасында он күндөн бери турушат.

– Биз азыр Оренбург облусундагы «Маштаково» көзөмөл-өткөрмө бекетиндебиз. Машинелер он күн мурун келген. Бажы 11-майда ачыларын айтышкан. Бирок ал күнү Казакстан чек арасын ачкан жок. Бул жерде 400-500дөй киши топтолуп калды. Дагы эки автобус толтура киши бар. Алардын баары Өзбекстан жарандары. Бул жерде кыргыз номери менен 100дөй машине турган, алар өтүп кетишти. Кыргызстандыктарды Оренбургда чогултуп, колонна менен мекенине алып кетишти.

Казакстанда өзгөчө абал режими 11-майда аягына чыккан. Бирок казак бийлиги карантин улана турганын билдирген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь