Парламент Өкмөттүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчётун жактырды

228

Бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Өкмөттүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчету каралып, көпчүлүк добуш менен жактырылды. 96 депутат «макул», беш депутат «каршы» деп добуш берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн баяндамасында 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүбүздөгү 2020-жылга карата пландарына жана көйгөйлүү маселелерге токтолду.

Өкмөт башчы жана ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Талкуулардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өкмөттүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун жактырды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь