Селден улам Зарафшан шаарында 300 киши эвакуацияланды (видео)

349

13-майга караган түнү нөшөрлөгөн жаандан кийин Өзбекстандын Навои облусундагы Зарафшан шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, суу каптоодон төрт турак-үй зыянга учурап, 300гө жакын жергиликтүү тургун коопсуз райондорго эвакуацияланды.

Селдин кесепеттерин жоюу үчүн ӨКМдин 70 кызматкери жана тогуз атайын техникасы иштеп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь