“Биздин Кыргызстандын жеринде Кулунду айыл өкмөтү деген жазуубузду тажиктер бузуп алып кирип кетишти”,- деди депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеңештин жыйынында.
Депутат Лейлек районунда чек арага байланыштуу ишти тынымсы тыкыр алып баруу керек деп вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылды.
Ошондой эле чек ара боюнча делимитация жана демаркация иштери бүтмөйүнчө Тажикстан менен чек араны жаап турууну сунуштады.