Баткен шаарында 13-майда саат 00:57 чамасында Садыков көчөсүндө эки “Портер” унаасы жана “Ниссандын” катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кырсыктын кесепетинен 5 эркек адам ар кандай жаракат алышкан.
КР ӨКМнин №26 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жабыркагандарды унаадан чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.