2020-жылдын 14-майынан 17-майына чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт: тоолуу аймактарда жаан карга айланат. Абанын температурасы төмөндөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.
Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 14-майда күндүз, 15-майдын түнүндө Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, 15-майда күндүз Ысык-Көл облусунда катуу жаан жаайт. Айрым жерлерде мөндүр аралаш жамгыр жаайт.
Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарга мал айдоого, айыл чарба иштерин жүргүзүүгө, автоунаалардын жана коммуналдык кызматтардын ишине тоскоолдук кылат.
Катуу жааган жаандан улам дарыяларда суулардын деңгээли көтөрүлүп, айрым аймактарда сел жүрүү коркунучу бар.