Ысык-Көл облусунда ишкердик субъектердин санитардык-гигиеналык ченемдерин аткаруусуна текшерүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
30-апрелден баштап азыркы учурга чейин коронавирус инфекциясынын коркунучун алдын-алуу жана андан ары тарылышына жол бербөө максатында, областун санитардык кызматы тарабынан 822 санитардык буйрутма берилип, 788 изилдөө жүргүзүлдү. Санитардык ченемдерди жана эрежелерди бузгандыгы үчүн 18 протокол түзүлүп, эскертүү жөнүндө 5 токтом чыгарылды жана 13 жооптуу, анын ичинде, 3 май куюучу жайга, 3 жалпы тамактануучу объектиге, 5 азык-түлүк соода дүкөнүнө, 2 курулуш дүкөнүнө айып пул салынды.