13-майга карата бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны – 7ни түздү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында оору жуктургандардын дээрлик бардыгы оору менен байланышта болгондор.
Чүй облусу- 5
Ош шаары – 1
Нарын облусу – 1
Жалпы республикада COVID-19 вирусуна кабылгандар 1044 адамга жетти.