Үстүбүздөгү жылдын 14-майынан 17-майына чейин Кыргызстанга Россия жана Кувейттен чартердик каттамдар учуп келет. Бул тууралуу ЖКнын эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Тышкы иштер министринин өкүлү билдирди.
Анын айтымында, 14-майда Москванын «Домодедово» аэропортунан жана Кувейттен Кыргызстандын жарандары учуп келишет.
15-майда Бишкек – Санкт-Петербург каттамы, 16-майда Бишкек – Домодедово, 17-майда «Шереметьево» аэропортунан учактар күтүлүүдө. Жалпы – 6 каттам.