Алмаз Акматов: Мени каралап жаткан түрк ишкерди сотко берем

672

Интернетте Бишкектеги “Таксим бур туугандар” кафесинин башкы директору Али Ифлазоглынын элден, президенттен жардам сураган видеосу тарады. Себеби бул билдирүүдөн кийин алар сөзсүз мени келип коркутат деген.

Ишкер: “Эрнис Акматов, Алмаз Акматов дегендер. Агасы депутат, Эрнис Акматов өзү Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болчу. Биз 11 жыл мурун ижарага жер алып, “Таксим бур туугандар” кафесинин ачканбыз. Эрнис Акматов жердин ээси бизбиз деген, биз ишенгенбиз. Эки жарым жыл мурун биздин кафе талкаланды, себеби, биздин документ жок. Ага чейин биз кафени оңдоп-түзөөдөн өткөргөн болчубуз. Жердин ээси Эрнис Акматов уруксат документин жасап берем деп бизден 70 миң доллар акча алган. Эми кууп жатат. Азыр карантин болуп жатат, бүгүн болсо светти кесип кетти. Инвесторго ушундай мамиле кылабы? Банкрот болдук, жардам бергиле”.

Ал эми бир убакыттан соң депутат Алмаз Акматов жооп берип, айыптап жаткан түрк ишкерди сотко берээрин айтты.

Ошондой эле, депутат шайлоонун алдында аны жаман атты кылгысы келип жатышканын билдирди.

“Таксим бир туугандар кафеси менин инимдин кызына таэнесинен калган мурас болчу. Чынын айтайын менин ишим да жок аны менен. Түрк ишкери өзү мыйзамды сактабай, кафенин айланасын тосуп алганы үчүн мэрия менен соттошуп жаткан. Окуяны буруш үчүн саясатка айландырып жатат. Сотко берем, ошол жактан сүйлөшөм”, – деди Алмаз Акматов.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь